Москвада кардарын 8 саат күткөн таксист Кайрат Тентимишевге жаңы жумуш сунушталгандыгы тууралуу маалыматты орус басылмалары жазып чыгышкан. Анда орусиялык такси кызматын көрсөткөн компаниялардын бири ага жаңы жумуш сунуштап, акысыз автоунаа бере тургандыгы жазылган. Мындан сырткары 1 ай ичинде компания айдоочудан комиссиялык төлөм кармап калбай турганы айтылган.
SUPER.KG порталы Кайрат Тентимишев менен байланышканда, мындай маалыматтар чындыкка дал келбестигин айтып, төмөндөгүлөрдү билдирди.
"Бул тууралуу интернет булактарынан окуп алып өзүм да таң калдым. Мага эч бир компаниядан жаңы жумуш орун сунуш кылышкан жок. Балким, айтылып жаткан компания эми байланышка чыгат же өзүнө упай топтоо үчүн пиар жасап жүргөн болушу мүмкүн", - деди Кайрат Тентимишев.
Буга чейин интернет колдонуучусу Варя Борцова социалдык тармактагы баракчасына баштыгын таксиде унутуп кеткенин, бирок андан 8 саат өткөндөн кийин да ал такси аны короодо күтүп турганын жазган.
Борцова чет элден Москва шаарына учуп келген. Үйүнө жетүү үчүн жолдон такси кармаган. Үйүнө кирип, бир аз уктап эс алган соң гана капчыгын таксиде унутуп калганын билген. Таксини көчөдөн кармагандыктан, ал кайсы такси кызматына тиешелүү экенин билбей калган. Капчыктын ичинде документтери, креддиттик карталар жана акчасы болгон.
Көп өтпөй терезеге жакын келген атасы үйдүн алдында бир такси турганын айткан. Борцова эшикке чыгып ал капчыгын унутуп калган таксист аны 8 сааттан бери таппай убара болуп жатканын билген. Аны менен сүйлөшүп ыраазычылыгын билдирген соң кыз ал Орусияда иштеп жүргөн Кыргыз жараны экенин угат.
Ошондой эле Борцова такси айдаган жигитке ыраазычылык катары акча бергенин кошумчалап, билдирүүнү жайлоонун сүрөтү менен толуктаган.