Сооронбай Жээнбековдун кудасы Алиярбек Абжалиевдин агасы "Мегакомдун" логистика бөлүмүнө жетекчи болуп дайындалды

Алиярбек Абжалиевдин агасы Ыктыярбек Абжалиев "Мегакомдун" логистика бөлүмүнө жетекчи болуп дайындалды. Маалыматты "Альфа Телеком" ишканасынан ырасташты.

"Компанияда бош орунга сынак жарыяланганда октябрь айынын башында башка адамдардын катарында Ыктыярбек Абжалиевдин резюмеси келиптир. Иштеп жатканына бир жума болуп калды. Мамлекеттик органда иштеген тажрыйбасына карап кызматка алынган. Уюлдук компаниялар базалык станциясын орнотушат. Логистика бөлүмү станцияларга ылайыктуу жерди карап, издеп компанияга сунуштайт", - деп билдирет ишкананын маалымат кызматы бөлүмү.

Ыктыярбек Абжалиев 1965-жылы 15-ноябрда Ош шаарында туулган. Өкмөттүн алдындагы Бажы кызматында иштеген. 2011-жылдары Баткенде бажы бөлүмүнүн башчысы болгон. Кесиби боюнча экономист.

Анын иниси Алиярбек Абжалиев президент Сооронбай Жээнбековдун кудасы. Анын уулу Жээнбековдун кызына үйлөнгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Baatirbek81
2018-11-20 19:19:35
Көбөйгүлө дагы
-2
nursiyanur
2018-11-20 19:47:48
ошто дагы оштуктар,парламентте оштуктар,мегакомдо да оштуктар бар болгула Оштуктар
+1
nuri1
2018-11-20 19:49:58
Сокенин тууганчыл бийлик саясаты мегакомго да жетиптир да.
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан