Наталья Никитенко: "Кыргыз жарандары "Коопсуз шаар" долбоору иштеп кетерине ишенишпейт"

"Коопсуз шаар" долбоору толугу менен ишке ашарына Кыргыз жарандары ишенбейт". Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Наталья Никитенко Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракетенүү боюнча комитетинин көчмө жыйынында айтты.

Анда ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын “Коопсуз шаар” долбоорунун ишке киришине даярдыктары жана Патрулдук милициянын түзүлүшү талкууланып жаткан.

Эл өкүлүнүн белгилешинче, долбоор тезинен ишке ашса жол кыймылын бузган фактылар азаймак.

"Коопсуз шаар" долбоору ишке толугу менен кирсе, жол кыймылын бузгандар азаймак. Тезинен ишти бүтүргүлө", - деди Никитенко.

Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча комитетинин төрагасы Бактыбек Шаршенбиев орусиялык "Вега" компаниясы долбоорду ишке ашырууга даяр экенин билдирди.

"Коопсуз шаар" долбоорунун экинчи этабын ишке ашырууга жаңы жумушчу топ түзүлүп, 147 жерге камераларды орнотуу керектигин аныктадык", - деп жооп кылды Шаршенбиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан