Абайлаңыз тайгалак! Бишкекте апта ичинде муздан тайгаланып кулап, ар түрдүү жаракаттарды алган 11 адам ооруканага кайрылды

Апта ичинде муздан тайгаланып кулап, ар түрдүү жаракаттарды алган 11 адам ооруканага кайрылды. Бул тууралуу бүгүн, 20-ноябрда SUPER.KG порталына Травматология жана ортопедия илим-изилдөө институтунун тез жардам бөлүмүнүн башчысы Талантбек Сарымсаков билдирди.

"Алардын ичинен 2 адам колунан, 8 адам бутунан жаракат алган. Дагы бир адам колун кокустатып алган. Негизи сынык бөлүмүнө күн сайын көп бейтап кайрылат, алардын ичинде муздан тайгаланып кулаганы да, жол кырсыгынан ар түрдүү жаракаттарды алгандары да бар", - дейт Сарымсаков.

Белгилүү болгондой, 12-ноябрдан 19-ноябрга чейинки убакыт аралыгында оорукананын сынык бөлүмүнө жалпы 22 адам (анын ичинен 12 эркек, 10 аял) жаткырылган. Учурда аларга тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлүп, дарылануудан өтүүдө. Ал эми 43 эркек кишиге жана 29 аялга медициналык жардам көрсөтүлүп, алар ооруканага жатуудан баш тартып, үйлөрүнө чыгарылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Benazir08
2018-11-20 19:05:30
Ошон учун эмне бекер бизде туз бекер ооо Токтогулдун бир тоосунда туз толло го ошону алып ушундай жерге чачып иштетсе болбойбу. Мына Россияда катыратып раса кар тебелегин келет карлы тургуза койбой тащалап туз сээп турушат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан