Бишкекте мас абалындагы адамдын ур-токмогуна кабылган 90 жаштагы абышканын сан сөөгүнө операция жасалды. Бир нече күндөн кийин ал үйүнө чыгарылат. Бул тууралуу бүгүн, 20-ноябрда SUPER.KG'ге Травматология жана ортопедия илим-изилдөө институтунун тез жардам бөлүмүнүн башчысы Талантбек Сарымсаков кабарлады. Анын айтымында, бейтаптын абалы учурда канааттандырарлык.
"Бейтап "Тез жардам" аркылуу алынып келингенде абалы оор болуп, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Анын сан сөөгү сынып, денесинин дагы бир нече жеринен жаракат алган болчу. 1 апта мурун жаракат алган жерине операция ийгиликтүү жасалды. Жакынкы убакта үйүнө чыгарылат. Тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлүүдө", - деди бөлүм башчы.
Эске салсак, 90 жаштагы абышканы сабап, окуя болгон жерден из жашырып кеткенге шектелген адам кармалып, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Ал эми 1929-жылы туулган Г.Николай оор жаракат алып, 7-ноябрь күнү "Тез жардам" аркылуу ооруканага алып келинген.