СУПЕРСТАН: "Тизе бүгүп, кыздарга чөгөлөгөн жигиттер алсыздыгын көрсөтүп турмуш курууну сунушташат"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Кыздарга чөгөлөгөн жигиттер" деген тема талкууга алынган.

Автор: "Бүгүнкү күндөгү жигиттерибиз динибизде, салтыбызда жок кайдагы кылыктарды жасап, сүйүктүүлөрүнө чөгөлөп, колун суроону модага айлантышып алыптыр. Өмүрүндө ата-энесинен (көңүлүн оорутуп коюп) чөгөлөп кечирим сурабаган, тескерисинче, текеберленип эшикти тарс жаап чыгып кеткен күчтүүлөрүбүз, бүгүнкү күндө кайдагы бир кызга тизе бүгүп, алсыздыгын көрсөтүп колун суроодо. Ата-бабаларыбыз мындай эле жуучу түшүп үйлөнүп келишкен, биз да жигиттик намысты бекем сактап адаттагыдай эле колун суроону уланта берсек. Балким, муну "романтика" дейсиңер, бирок бул аша чапкандык го" - деген билдирүүсүн калтырган.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

- "Туура айтасыңар, азыркы жигиттер чындап эле өзүнөн кетишүүдө. Катынына жашоонун башында эле тизе бүгүп, сырларын алдырып жатышса, келечекте тамандарын дагы өбүшөт го".

- "Ошол сүйгөн кызына чөгөлөп, гүл сунган жигиттерди көргөндө ар дайым мага бир суроо келе берет. "Ушул бала ата-энесине кандай мамиле жасайт болду экен, өз апасына чөгөлөбөсө да ушул гүлдүн бир талын болсо да берди бекен?" Негизи мага мындай жигиттер жакпайт, романтик бол, башка бол, аны видеого тартып элге жарыялоонун эмне кереги бар?! Ошентип колун сурап, турмуш кургандан кийинки жашооң кандай өтүп жатат? Деги тынч өмүр сүрүп жатасыңарбы? Же күнүгө "ит-мышык" болгон жашообу? Ар бир пенде бактылуу болсун!"

- "Негизи эле мен чөгөлөгөн эмес, бирок кээ бир жигиттерге таң калам. Биз да эркекпиз да, баштан көп окуялар өтөт. Үйүндө бир улагы жок, асмандан алып менин мындайым бар же аны кыйратып салам деп сүйлөшөт. Байкуш кыз жигитке ишенип турмушка чыкты дейли, тойдон кийин уялбай кыздын бетин кантип карайт, эмне деп актанат, мени ушул суроо аябай кызыктырат. Байкуш кыз жыргап келсе, баягы бойдок кезде айтылгандардын бири да аткарылбай турса, андан өткөн арман барбы?"

- "Тобо кылдым, коомдо мындан башка нерсе жокпу! Чөгөлөгөн эркектин баары апасын кагып-силкип, эшикти тарс жапканын көрдүңөрбү?! Үй-бүлөсүн таштап, сенин үй-бүлөңө келип кызмат кылып, сага бала төрөп берип, тааныбаган эле үй-бүлөгө кулдай кызмат кыла турган айымдын алдында тизе чөгүп "менин өмүрлүк жарым болчу?!" деген сунушту айткандын эмнеси жаман?"

- "Мен үчүн нормалдуу көрүнүш".

- "Буттан, колдон сүйрөп ала качкандан көрө тизелеп, макулдугун сурап, алып кеткен жакшы го".

- "Барын бар, жогун жок деп эле айтыш керек. Ашыкча өзүн көрсөтүү да туура эмес, сүйгөн адам кет десең да калат, сүйбөгөн адамды байлап койсоң да жаныңда калбайт".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка баш багыңыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Hadyja
2018-11-22 20:30:17
Куйоомдун чоголошун каалабайт элем,кандай болгон учурда,жакшылык,жамандыкта.
Эркек деген бир муноздуу,акылман,кучтуу болуп турса сонун да.Жаш кезинде Манастай эр журок,каарыганда Бакай атадай,болсо жакшы.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан