Мирлан Жээнчороев: "Коопсуз шаар" долбоору ара жолдо калбашы керек"

Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракетенүү боюнча комитетинин көчмө жыйыны бүгүн, 20-ноябрда болду.

Аталган жыйында ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын “Коопсуз шаар” долбоорунун ишке киришине даярдыктары жана Патрулдук милициянын түзүлүшү тууралуу маалымат берилди.

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев "Коопсуз шаар" долбоору 2019-жылдын экинчи жарымында ишке кирерин SUPER.KG порталына билдирди.

"Коопсуз шаар" долбоору коомчулукка эртең ишке кире тургандай болуп айтылып калды. Патрулдук милицияны ишке киргизебиз дедик, бирок ал чийки, бышпай калган иш болуп калды. Эми "Коопсуз шаар" долбоору да ара жолдо калбашы керек. Аны системдүү иштетүү үчүн атайын кызматкерлерди окутуп даярдоо зарыл. Өкмөт бир эле ИИМге же коомчулукка тапшырма берип, каражат жок деп отуруп калбай, ай сайын каражаттарды кайсы булак берерин так аныктап бериши керек. Биз дагы ошол себептен көчмө жыйын уюштуруп, ишти көзөмөлгө алуудабыз", - дейт Жээнчороев.

Мурда өкмөт 4 камераны пилоттук долбоор катары койгон. Бүгүнкү күндө аны "Коопсуз шаардын" системине кирип иштеп жатат деген туура эместигин Мирлан Жээнчороев кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан