ИИМдин өкүлү: "Коопсуз шаар" долбоору ишке кирсе күнүнө 36 миңден ашуун жол эрежесин бузган фактылар аныкталат"

"Коопсуз шаар" долбоору ишке кирсе, күнүнө 36 миңден ашуун жол эрежесин бузган фактылар аныкталат. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Нур Сатыбалдиев Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракетенүү боюнча комитетинин көчмө жыйынында айтты.

Ал белгилегендей, эгерде айдоочу жол эрежесин бузса, айып пулду төлөө токтому унаа катталган дарекке барат.

"Жол эрежесин бузган айдоочулар айып пулду толук кандуу төлөсө, бир айда 3 миллион 600 миң сом акча түшүшү керек. Ал эми жол эрежесин бузган унаа кимге катталса, токтом ошол адамга барат. Анткени мыйзамда "унаа кимге катталган болсо, ошол адам төлөйт" деп жазылган. Ошондуктан унаасын башка бир адамга сата турган болсо, дароо өзүнөн кийинки ээсине каттатуусу керек. Каттатпай калып айып пул төлөгөн болсо, бир жылдын ичинде сот аркылуу унааны сатып алган адамдан акчасын өндүрүп алууга укугу болот", - деди Сатыбалдиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Mongol1155
2018-11-20 21:41:53
Булар цифраны кайсыл жактан алат? Тан калыштуу...
+1
Tunerbei1812
2018-11-21 01:00:33
Mongol1155,парасын жеп журушуп билет да эреже бузуунун так санын.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан