Соттук реформанын жүрүшүнүн алкагында 2019-жылдын 1-январында беш жаңы кодекс ишке кирет. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов SUPER.KG порталына билдирди.
Ал Кылмыш-жаза кодекси ишке киргенден тартып, тергөөчүлөр жаңыча иш алып бара баштайт дейт.
"Ар бир кылган кылмыш ишин тергөөчүлөр видеокөзөмөл менен жүргүзөт. Кылмыш иши иликтенип бүткөнгө чейин видеого тартылат. Ошондо кыйноолорго бөгөт коюлуп, арыз даттануулар келип түшпөйт. Бардык иш-аракет мыйзамдын негизинде кетет. Ошого жараша заманбап иш бөлмөлөрдү түзүү ИИМдин жетекчилигине жүктөлгөн. Азыркы учурда Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгында тергөөчүлөр үчүн заманбап беш иш бөлмөсү жасалып жатат. Иш бөлмөлөр эл аралык стандартка шайкеш келтирилип, бардыгы айнек менен жасалууда", - деди Асанов.
Мурда бир топ баскычтардан кийин гана кылмыш иши козголгон. Эми жаңы Кылмыш-жаза кодекси ишке кирсе, арыз жазган күндөн тарта кылмыш иши козголот.