Эки жарым айдан бери дайынсыз болуп изделип жаткан 32 жаштагы Эльвира Султанбаева табылды. Бул тууралуу жакыны Нурдин Султамбаев фейсбуктагы баракчасына жазды. Бирок ал Султанбаева кайсы жактан табылганын маалымдаган эмес.
32 жаштагы Эльвира Султанбаева ушул жылдын 3-сентябрында Бишкектеги Армейская көчөсүнүн 150-дарегинде жайгашкан тигүү цехинен чыгып кеткен боюнча үйүнө кайтып барган эмес. Жакындары милицияга кайрылып издөө иштери жүрүп келген.