Кыргыз өлкөсүндө боюнан алдыргандардын басымдуу бөлүгү жаш кыз-келиндер

Бир жылда орто эсеп менен өлкөдө 157 миң аял төрөйт. Бул тууралуу бүгүн, 21-ноябрда "Кыргыз Республикасында төрөт курагындагы аялдардын арасында кооптуу бойдон алдырууну алдын алуу" аталышындагы тегерек столдо Саламаттыкты сактоо министрлигинин башкы адиси Раиса Асылбашева билдирди.

"Бойдон алдыргандардын басымдуу бөлүгү жаш аялдар. Алардын жашы 25 жаштан 29 жашка чейинки кыз-келиндер. Бул жаш аял үчүн эне болууга эң жакшы учур болуп эсептелинет. Бирок, тилекке каршы, статистика боюнча өлкөбүздө ушул жаштагылар көбүрөөк бойдон алдырышат", - дейт Асылбашева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан