Балыкчы шаары "Коопсуз шаар" долбоорун өз алдынча ишке ашырып жатыптыр. Бул тууралуу депутат Жанар Акаев парламент жыйынында билдирди.
Эл өкүлү парламенттин эртеңки жыйынына Балыкчы шаарынын мэрин чакырууну сунуштады.
"Балыкчы шаарында долбоор кандайдыр бир деңгээлде ишке салынып жатыптыр. Эртең парламент "Коопсуз шаар" боюнча маселени карайт. Ошого байланыштуу Балыкчынын мэрин да жыйынга чакырсак. Ал тажрыйбасы менен бөлүшсүн. Башка шаардын мэрлерине да жакшы маалымат болмок", - деди Акаев.
Эртең, 22-ноябрда Жогорку Кеңеш "Коопсуз шаар" долбоорунун жүрүшү боюнча өкмөттүн маалыматын угат.