"Адахан Мадумаровдон кийин эч ким дайындала элек". Кыргыз өлкөсүнүн Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешиндеги өкүлүнүн орду бош турганы айтылды

Адахан МадумаровКыргыз өлкөсүнүн Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешиндеги өкүлү дайындала элек. Бул тууралуу маалыматты өкмөт мүчөсү депутат Максат Сабировдун суроосуна жооп берип жатып айтты.

Маалыматка караганда, акыркы жолу бул кызматта Адахан Мадумаров иштеген.

Сабиров: "Бул кызматка Адахан Мадумаровдон кийин ким дайындалган?"

Өкмөт мүчөсү: "Биздеги маалымат боюнча, эч ким дайындалган эмес. 2 жылдан бери бул багытта активдүү аракеттер болбой, иш жүрүшпөй келген. Быйыл сентябрда болгон саммиттен кийин бардык кызматтарга талапкерлерди сунуштоо башталды".

Депутат Сабиров Кыргыз мамлекетинин ар бир эл аралык уюмдагы өкүлдөрүнүн тизмесин тапшырууну сурады.

Саясатчы Адахан Мадумаров 2013-2015-жылдары Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин башкы катчысынын орун басары болуп иштеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
mirkaa5182
2018-11-21 13:45:12
Адахан Мадумаров ошондо иштеп атканда шываган Мелис Мырзакматовду теледен чыгып алып, аны эл унута элек.
0
Take_men
2018-11-22 11:53:43
Эмне эле Мадумаровду кайра кайра эле жазып калгансынар тажатып элди
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан