Бишкектин мэри Иса Өмүркулов саясий партияларга кайрылуу жасады

Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоого катышып жаткан саясий партияларга кайрылуу жасады. Кайрылууда мындай деп айтылат: "Баш калаабыздын мэриясы сиздердин ар бириңиздер таза жана ачык добуш беришиңиздер үчүн бардык шарттарды түзүүгө өз мүмкүнчүлүктөрүн жумшайт. Сиздер үчүн негизги максат - шайлоолордо жеңип чыгуу эмес, шайлоочулардын мыйзамдуу укуктарын пайдалануу менен өз тандоосун ишке ашыруусу. Биз мына ушул укуктарды коргоого жана аларды бузууга жол бербөөгө даярбыз. Элибиз өз келечегин жана татыктуу бийликти тандап алуу мезгили келип жетти. Аларды курулай убадаларга жана мүнөттүк пайда көрүүгө алмаштырып же сатып жиберүүгө болбойт. Өз добуштарыңыздарды бүгүнкү күндүн реалдуу иштери, шаарыбыздын өнүгүүсү, коомубуздун жаңыланышы үчүн бериңиздер. Эртеңки келечекти өз акылыңыздар, чын ниетиңиздер менен тандап алыңыздар. Шайлоо күнү тартипти жана мыйзамдуулукту сактоо укук коргоо органдарына милдеттендирилди. Шайлоону таза, мыйзамдуу өткөрүү үчүн шаар мэриясы аймактык шайлоо комиссияларына бардык жардамдарды көрсөтүүдө жана депутаттыкка талапкерлерди да ошого чакырат. Элибиздин алдында таза бололу! Ошондуктан шаардык кеңешке шайлоого катышып жаткан бардык саясий партиялардын өкүлдөрүнө байкоочулар тобун түзүү үчүн өз партияларыңыздардын мүчөлөрүн жибериңиздер деп кайрылам".
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан