Алмазбек Атамбаев дагы бир неберелүү болду. Анын кызы Алия Шагиева бүгүн экинчи наристесин төрөдү

Өлкөнүн мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевдин кызы Алия Шагиева экинчи наристесин жарыкка алып келди. Бул тууралуу маалыматты Эне жана баланы коргоо улуттук борборунан тастыкташты.
Маалыматка ылайык, Шагиева бүгүн, 21-ноябрда кыз төрөгөн. Буга чейин Шагиева өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына кош бойлуу экенин жарыялаган.
Алия Шагиева жана жолдошу 2017-жылы март айында Таир аттуу уулдуу болушкан.
2016-жылдын август айында өлкөнүн ошол кездеги президенти Алмазбек Атамбаевдин кызы, сүрөтчү Алия Шагиева Константин Рязановго турмушка чыкканы белгилүү болгон. Эки жаштын үлпөт тою көптөгөн кызуу талкуууларды жараткан, анда элдин көңүлүн президенттин күйөө баласы катардагы эле программист экени бурган. Ошондой эле ал эч кандай үлпөт той өткөрбөгөнүн жөн гана Бакыт өргөөсүнө барып никеге турганын жана жакын достору менен чакан майрам өткөргөнүн жазган.
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кызы Алия Шагиева экинчи наристесин жарыкка алып келди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (20)
barakcha
2018-11-21 12:43:43
Куттуктайбыз!
+12
bars_wire
2018-11-21 13:04:55
өмүрү менен берсин
+6
Kaninaiman
2018-11-21 13:14:59
Супер инфо кесерова мн торогондон кийин естественный жол мн торосо болобу суранам маалымат берсениздер?????????
-4
tynara81
2018-11-21 15:22:54
Kaninaiman,болот. Биринчисин кесерово, экинчи , үчүнчүсүн өзү төрөгөндөр толтура
0
bond02
2018-11-21 13:16:38
Омурун берсин эми, наристеде эмне.
+6
nuri1
2018-11-21 13:47:14
Азаматсын.
+7
Samat777
2018-11-21 14:05:41
Оооу эки жылда экини. Кут болсун.
+8
Batma08
2018-11-21 15:54:01
Samat777,оооуу деп алыпсунарго мен андан кийин торогонмун азыр учунчусу бар
+4
kenje-888
2018-11-21 14:21:37
Куттуктайбыз!!! Дагы жыналач баласын эмизип элдин оозун ачырбаса эле болду
-3
aerforce
2018-11-21 14:37:22
Эми даагы бир жолу жалаңач туруп эмгизип сүрөтүн киргизсең
-3
Asyl10
2018-11-21 15:01:57
Мага негедир Алмазбек Атамбаев кызы менен, кызы атасы менен иши жоктой эле сезиле берет. Тойунда эле куттуктап,ошол боюнча Атамбаевдин Алия менен чатагы деле жоктой. Небересин которуп суротко тушкон Алмазбек Атамбаевдин суротторун кордунор беле? Айтып койгулачы,балким мен жанылышып жаткандырмын
+4
atanazarov10
2018-11-21 15:27:15
Asyl10,булар орусташып калышкан
-1
taalay25
2018-11-22 01:39:16
Asyl10,публикадан ал жагын секрет кармайт?
+1
raykray
2018-11-22 10:27:12
Asyl10,семейный альбомунда жарыялаш керекпи? Тушсо тушуп уйундо толтура тургандыр!!! Бакиев Акаевдикин кордун беле небересин которуп тушконун!!! Оюнарды озгорткулочу эптеп жаман ойду элге жарыялабай!
+2
Aikaaaa
2018-11-21 18:09:29
Аябай эле жөнөкөй семья, сүрөткө түшүп интернетке чыгарганга деле фон тандашпайт. Как оно есть, сүрөттөрүнүн баары жакшы, жасалмалуулук жок.
Ымыркай өмүрлүү, бактылуу болсун!
+11
bibi87
2018-11-21 19:11:09
Бизде 1-президент, экинчи президент деп жазса болбойбу? Ошол кездеги, анан мурдагы деп чанжырай бербей
-6
Sagyn.91
2018-11-21 20:48:17
bibi87,
Койгулачы эми каяктагы баштап бойроктон шыйрак чыгарбай!
+6
Ayida
2018-11-22 01:18:50
Аллахым узун омур берсин!Куттуктаймын!Ыймандуу акылдуу кыз болсун!
+2
Saidochka
2018-11-22 06:32:53
Азаматсын,анча мынча чондун балдарына Караганда жонокойлугу менен жагат, ушул кыз.чонойто Бер кичинекейлеринди,бешик боон бек болсун!
+2
dostuk_3422
2018-11-22 13:14:09
фамилиясы эмнеге Шагиева деп тан кала берем. Билгендер барбы?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан