"Боюнан түшүрүп каза болгондордун дээрлик көпчүлүгү бойдон түшүрүүчү каражаттарды өз алдынча базар же дарыканадан сатып алгандар". Бул тууралуу бүгүн, 21-ноябрда SUPER.KG порталына Саламаттыкты сактоо министрлигинин Медициналык жардамды уюштуруу жана дары-дармек саясаты башкармалыгынын башкы адиси Раиса Асылбашева билдирди.
"Баланы боюнан түшүрүү процессинен улам каза болгондордун дээрлик көпчүлүгү бойдон түшүрүүчү дары-дармекти атайын адис эмес, базар же дарыканадан алгандар. Алар көбүнчө көп кан жоготкондуктан каза болушат. Бойдон түшүрүү процесси дарыгердин тыкыр көзөмөлү менен болушу керек. Көпчүлүгү көчөдөн арзыбаган акчага алынган дарыны өз билемдик менен ичип, анан кан кетип ооруканага түшөт. Мындай нерселер үй-бүлөлүк борборлордогу гинекологдун көзөмөлүндө болушу керек же каражаты жетсе жеке клиникага кайрылуусу шарт. Дарыгерлер да Саламаттыкты сактоо министрлигинен алган лицензиянын негизинде гана иш алып барууга тийиш", - дейт Асылбашева.
Адистин айтымында, мындай көйгөй көчөдө жана дарыканаларда бойдон түшүрүүчү дары-дармектер кенен сатылып жаткандыктан келип чыгууда.
"Боюнан түшүргүсү келген кыз-келиндер дарыканага барса эле, "мына" деп дарыны кармата койгонду токтотуу керек. Биз учурда бойдон түшүрүүчү каражаттарды бир гана дарыгердин уруксаты менен бериле турган жол-жобонун үстүндө иштеп жатабыз. Анда бойдон түшүрүүнү каалаган аял алгач дарыгердин козөмөлүнөн өтүүсү керек. Анын берген уруксат кагазы менен барып бойдон түшүрүүчү каражатты алып, кайра дарыгерге келет. Ушундай жол аркылуу гана өлкөдө канча кыз-келин боюнан алдыргандыгы боюнча так маалымат даярдалат жана бойдон алдыргандардын арасында өлүм да кыскарат", - дейт адис.