Ошто колундагы баласы менен кошо 4-кабаттан боюн таштаган келиндин ымыркайы чоң энесине берилди. Бул тууралуу бүгүн, 21-ноябрда SUPER.KG порталына Ош ШИИБинин басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди.
Белгилүү болгондой, учурда бул окуя боюнча тергөө амалдары улантылууда. "Адам өлтүрүүгө аракет кылган" деп айыпталып жаткан эне учурда Жалал-Абаддагы аялдардын №53-СИЗОсунда камакта.
"Ымыркайы менен кошо боюн таштаган келин соттун чечими менен 20-декабрга чейин камакка алынган. Анын уулу ооруканадан чыгарылгандан кийин убактылуу балдар үйүнө өткөрүлгөн болчу. 3,5 жума мурун тиешелүү мекеменин чечими менен бала келиндин кайненесине өткөрүп берилген. Учурда ымыркай чоң энесинин карамагында болууда", - деди Сыдыков.
2018-жылдын 6-сентябрында 40 жаштагы келин Ош шаарындагы Черёмушки кичи районунда жайгашкан төрт кабаттуу жатаканадан колундагы баласы менен кошо боюн таштап, ооруканага жеткирилген. Териштирүү иштеринин алкагында ал келин Кара-Балта шаарынан күйөөсү менен таарынышып төркүнүнө барганы аныкталган. Айрым күбөлөрдүн айтымында, күйөөсү менен пикир келишпестиктен улам келин спирт ичимдиктерин көп ичип жүргөндүгүн, окуя болгон күнү да спирт ичимдиктерди ичкени да айтылган.
Колундагы 7 айлык баласы менен кошо секирген келинге Кылмыш-жаза кодексинин 28-97-беренеси (адам өлтүрүүгө аракет кылган) менен кылмыш иши козголгон. Кийин анын жолдошу да суракка алынып, ал аялы экөөнүн ортосунда эч кандай чыр-чатак болбогонун айткан.