Жарандык авиация департаментинин директору өлкөдө канча учак бар экенин айтты
Акышевдин айтымында, "Ачык асман" долбоору ишке ашса, Кыргыз мамлекетине чет өлкөлүк авиакомпаниялардын учактары конуп, жүргүнчү жана жүк алып, кайра жүктөп кете алат.
"Бул мыйзам ишке ашса, бардык чет өлкөлүк компанияларга эшик ачылат. Азыр эле Тажикстандын 2 авиакомпаниясы арыз берди. Алар биздин шарттар менен таанышып кетишти. Азыр өлкөдө жалпысынан 17 учак кызмат көрсөтүүдө", - деди Акышев.
Учурда Жогорку Кеңеште "Аба кодексине" өзгөртүү киргизүүгө багытталган "Ачык асман" долбоору экинчи окууда талкууланып жатат.