"Кыргыз өлкөсү Европанын "кара тизмесинен" качан чыгат?" Мындай суроо менен депутат Эмил Токтошев жарандык авиация департаментинин директору Курманбек Акышевден сурады.
Эл өкүлү бул тармакта кандай иштер аткарылып жатканын сурады.
Акышевдин айтымында, Эл аралык жарандык авиация уюмунун адистери Кыргыз өлкөсүнө келип, керектүү жараяндарды жүргүзүп жатат. "Кара тизмеден" чыгаруу боюнча план түзүлгөн. Азыр 90 пайыздан ашык жумуш аткарылды. 2019-жылдын биринчи кварталында "кара тизмеден" чыгаруу боюнча арыз беребиз. Алар экинчи кварталда жооп берип калышы мүмкүн", - деди Акышев.