Кечээ, 20-ноябрда президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин мурдагы төрагалары жана экс-премьер-министрлер менен жолуккан. Анда 13 экс-спикер, 9 мурунку премьер-министр катышкан. Алар өздөрүнүн сунуштарын жана пикирлерин айтышкан.
SUPER.KG порталынын "Жолугушуудан кандай жыйынтык күтүүгө болот?" деген соболуна Жогорку Кеңештин V чакырылышындагы депутат Жылдызкан Жолдошова жооп берди.
Ал президенттин мурунку жетекчилер менен жолугушуусу жакшы жөрөлгө экенин белгиледи.
"Экс-премьер, экс-спикерлер кызматтан кеттим деген кайдыгерлик менен жашап калат. Ушундай жолугушуулардан кийин алар да мындай кайдыгерликтен арылып, азыр Кыргыз мамлекетинин өсүп-өнүгүшүнө аралашат. Бул жакшы жөрөлгө. Себеби ар бир спикер, премьер-министр тез-тез алмаштырылганы үчүн өзүнүн стратегиялык планын ишке ашыра албай калышкан. Ар бир жетекчи жакшы идея менен келет. Алар өлкөдөгү финансы-экономикалык, саясий, социалдык абалды жакшы билишет. Мен билгенден мындай жыйын биринчи жолу болуп жатат. Ахматбек Келдибеков экс-спикерлер менен жолугушуу өткөргөн. Өлкө башчысынын ишкерлер менен, экс-премьер, экс-спикерлер менен диалогго барышы жакшы жышаан деп ойлойм. Президент коомдогу орду бар инсандар менен жолугушуусун уланта бериши керек деп эсептейм", - деди Жылдызкан Жолдошова.
Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев, юрист Нурбек Токтакунов, жарандык активисттер Тимур Саралаев, Өндүрүш Токтонасыров, саясий серепчилер Бакыт Бакетаев, Нурсултан Акылбектин жообу бул шилтемеде.