КҮНСОБОЛ: Президент буга чейин Жогорку Кеңешти жана өкмөттү жетектеп кеткен ишмерлер менен жолукту. Кандай жыйынтык күтүүгө болот? (толукталды)

Тектеш кабарлар: КҮНСОБОЛ (404 материал)

Кечээ, 20-ноябрда президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин мурдагы төрагалары жана экс-премьер-министрлер менен жолуккан. Анда 13 экс-спикер, 9 мурунку премьер-министр катышкан. Алар өздөрүнүн сунуштарын жана пикирлерин айтышкан.

Мындан улам SUPER.KG порталы "Жолугушуудан кандай жыйынтык күтүүгө болот?" деген собол салды.

МАСАЛИЕВ: "Мурдагы премьер, спикерлер ар бири өз мезгилинде чоң каталарды кетирген, бирок алардын көпчүлүгүнүн артында колдогон эли бар"

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев мурунку премьер-министр, спикердин бүгүнкү күндө коомчулукта ар биринин өзүнүн орду бар деген пикирде.

"Жолугушууда ынтымакка чакырса, анда бир топ жакшылыктар болушу мүмкүн. Эгерде алардын ар бири өзүнүн жолу менен кетсе, анда баягыдай эле калабыз. Менин оюмча, президенттин мурунку өкмөт башчыларды, спикерлерди чакырганы коркунучтардан сак, чогуу бололу дегенди түшүндүрөт. Бирок жолугушууга катышпагандыктан эмне жөнүндө сөз болгонун билбейм. Мени жыйынга чакырышкан жок. 2010-жылдын апрель айында спикер болгондуктан, мени мыйзамсыз төрага катары тоготушпайт.

Мурдагы премьер, спикерлер ар бири өз мезгилинде чоң каталарды кетирген, бирок алардын көпчүлүгүнүн артында колдогон эли бар", - дейт Масалиев.

ЖОЛДОШОВА: "Экс-премьер, спикерлер "кызматтан кеттим" деген кайдыгерлик менен жашап калбашы керек"

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Жылдызкан Жолдошова президенттин мурунку жетекчилер менен жолугушуусу жакшы жөрөлгө экенин белгиледи.

"Экс-премьер, экс-спикерлер кызматтан кеттим деген кайдыгерлик менен жашап калат. Ушундай жолугушуулардан кийин алар да мындай кайдыгерликтен арылып, азыр Кыргыз мамлекетинин өсүп-өнүгүшүнө аралашат. Бул жакшы жөрөлгө. Себеби ар бир спикер, премьер-министр тез-тез алмаштырылганы үчүн өзүнүн стратегиялык планын ишке ашыра албай калышкан. Ар бир жетекчи жакшы идея менен келет. Алар өлкөдөгү финансы-экономикалык, саясий, социалдык абалды жакшы билишет. Мен билгенден мындай жыйын биринчи жолу болуп жатат. Ахматбек Келдибеков экс-спикерлер менен жолугушуу өткөргөн. Өлкө башчысынын ишкерлер менен, экс-премьер, экс-спикерлер менен диалогго барышы жакшы жышаан деп ойлойм. Президент коомдогу орду бар инсандар менен жолугушуусун уланта бериши керек деп эсептейм", - деди Жылдызкан Жолдошова.

ТОКТАКУНОВ: "Мурунку өкмөт башчылар, спикерлердин бардыгы өз алдынча иш алып барышкан эмес"

Юрист Нурбек Токтакунов өкмөт башчылардын, спикерлердин бардыгы эле президентке баш ийип келгенин айтты.

"Жолугушуу эмне жөнүндө болгонун көргөн жокмун. Мурунку премьер-министрлер, спикерлер өз алдынча иш алып барышкан эмес. Бардыгы президентке баш ийип келишкен. Биздин көйгөй - премьердин жоопкерчилигинин жоктугу. Туура эмес иштесе отставкага кетүү менен гана чектелет. Эч кандай жоопкерчиликке тартылбайт. Бизде демокартия болсо, анда премьер-министр парламенттин алдында жоопкерчиликтүү болмок. Парламент премьер-министр үчүн жоопкерчиликтүү болмок. Бизде президент бийликтин бардык бутактарын башкарат. Спикерликке бийликке баш ийген, президенттин каалоосун аткарган кишилер коюлуп келген. Ошолордун баарын чогултканда алар эмнени айтып бермек эле? Алар кандай кеңеш бере алат? Алардын ичинде бир гана Медеткан Шеримкулов аксакал деген наамга татыктуу", - дейт Токтакунов.

САРАЛАЕВ: “Президенттин экс-премьер, экс-спикерлер менен жолугушуусу анын саясий күчтөр менен сүйлөшүүгө даяр деген белгиси”

Жарандык активист Тимур Саралаев белгилегендей, мындай жолугушуулар мурунку президенттердин учурунда болгон эмес.

“Бул жакшы саамалык. Мындай жолугушуу - президент тил табышууга жана коомдо болгон саясий күчтөр, топтор менен ачык-айкын сүйлөшүүгө даяр дегендин белгиси. Ошол себептен ал мурунку парламенттин төрагаларын жана өкмөттүн жетекчилерин чогултуп жатат. Ал эми ошол жерде катышкан мурунку өкмөт башчылар жана спикерлер кандай жыйынтык чыгарып, мындан ары мамлекетибиздин өнүгүшүнө, туруктуулугуна кандай салым кошо алышат бул башка маселе. Жолугушуу өткөнүн чоң жылыш деп айтса болот”, - деди Саралаев.

ТОКТОНАСЫРОВ: "Мындай жолугушуулардан жыйынтык күтпөй эле койсо болот"

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров президент Сооронбай Жээнбековдун экс-премьер-министр, экс-спикерлерди кабыл алганы шоу-спектакль экенин билдирди.

"Атамбаев президентти сындап, ага каршы пикирлерди айткандан кийин жооп кайтаруу максатында Жээнбеков мурунку өкмөт башчылар, спикерлер менен жолукту. Ал Атамбаевге "мен иштейм, күч-аракетимди жумшап өлкөдөгү экономикалык саясий абалды оңдоп кетүүгө дареметим жетет" деп актанууга аракет кылды. Мындай жолугушуулардан жыйынтык күтпөй эле койсо болот. Бул жолугушуу шоу-спектаклдин бир бөлүгү сыяктуу эле болду, ошондуктан бул үчүн кубанган жокмун, баа деле бере албайм.

Алар баягы эле дежур сөздөрүн айтып, президентти макташты. Азырынча президенттин мактай турган ишин көрө элекмин", - дейт Токтонасыров.

БАКЕТАЕВ: "Президент менен болгон мындай жолугушууларда экс-премьер, экс-спикерлер өздөрү кетирген каталарды айтып берүүсү керек"

Саясий серепчи Бакыт Бакетаев президент Жогорку Кеңештин мурдагы төрагалары жана өлкөнүн экс-премьер-министрлери менен жолукканы өлкөдө болуп жаткан жакшы жышаан экенин айтты.

"Президент Сооронбай Жээнбековдун Жогорку Кеңештин мурдагы төрагалары жана өлкөнүн экс-премьер-министрлери менен жолукканы - өлкөдө болуп жаткан жакшы жышаан. Анткени ар кандай катмардагы саясий лидерлер менен жолукту. Алардын арасында кылмыш иши козголуп, абакта отуруп чыккандар дагы бар. Менин жеке пикиримде, мурдагы өкмөт башчылардын тажрыйбасын колдонуп мамлекеттин, элдин шартын жакшыртууга сунуштарын алышы керек. Президент оппозиция менен жолукпайт деп айтышчу, мына жолукту. Ошондуктан биздин оппозициялар президентке кандайдыр бир деңгээлде туура багыт көрсөткөнгө укуктары бар. Бирок бийликке аралашпашы керек. Буга Сооронбай Жээнбеков деле жол бербейт. Мурдагы өкмөттү жетектеп кеткен ишмерлер экономикага жана бизнес тармагын өстүрүүгө берген сунуштарын Жээнбеков сөзсүз колдонот деп ишенем. Президент менен жолукканы барганда өз учурларындагы оң жана терс иштерин айтып берип, ушул ишти жасап жатып ката кетиргем, бул жерден сиз ката кетирбеңиз деп эң биринчи каталарын айтып беришсе жакшы жыйынтык берет. Жээнбеков алардын сунушун угуп, өзү тандайт. Бирок мындай жолугушууда алар чын дили менен өздөрү кетирген каталарды айтып берүүсү керек", - деди Бакетаев.

НУРСУЛТАН АКЫЛБЕК: "Мурдагы өкмөт башчылар убагында берилген мүмкүнчүлүктү пайдалана алышпай, азыр президентке кандай кеңеш берип жарытмак эле"

Саясий серепчи Нурсултан Акылбек президент менен экс-премьер-министр жана экс-спикерлердин жолугуусу президентке кандайдыр бир пайда алып келет деген ойдон алыс экенин билдирди.

"Булар өлкөбүз эгемендүүлүктү алгандан бери мамлекеттин алдыңкы адамдары болуп, башкарып келишти. Бирок азыркы өлкөдөгү, экономиканын бир орунда туруусуна, дүйнөлүк бардык рейтингдерде арткы оорунду ээлеп келгенибизге ушул кишилердин да салымы бар. Эгер убагында мүмкүнчүлүктү колдоно алышпаса, азыр президентке кандай кеңеш берип жарытат деген суроолор пайда болот. Жолугушууда көтөрүлгөн суроолорду баалуу деп да атоодон алысмын. Менимче, президент, премьер-министр да өздөрүнүн программасына көңүл бөлүп, өлкөнү алдыга сууруп чыгуусу зарыл. Аксакалдарыбыз өлкөбүздүн бардык президенттерине батасын берип, колдоп коштоп келишти, тилекке каршы, алардын жумушунан же кеңешинен элдин жашоосу оңолгон жок", - дейт Нурсултан Акылбек.

КАРАМУШКИНА: "Президент Атамбаевге нааразы болгон тараптан колдоо издеп жатат"

Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина Атамбаев өлкөнүн тарыхына изин калтырганын айтты.

"Президент Атамбаевге нааразы болгон тараптан колдоо издеп жатат. Эмнеге? Бул Сооронбай Жээнбековго эмне берет? Аларды саясий аренада Алмазбек Атамбаевге каршы колдонгону жатабы? Бүгүн эле Зайнидин Курманов башкача комментарий берип жатат. Ал Атамбаевдин убагында эмне деп комментарий берчү эле? Чагымчылдардан жана алсыз инсандардан колдоо издегени Сооронбай Жээнбековдун президент катары алсыздыгы. Атамбаев менен “согушкандын” ордуна ал өлкөнү кризистен чыгаруу үчүн Кыргыз-Орус ишкерлер биримдигин, жазуучуларды, эмгек сиңирген экономисттерди чогултушу керек эле. Бул адамдын майдачылдыгы. КСДПга тийишпесин, ансыз да бул партияда ич ара жиктешүлөр болууда. Кээ бирлер өлкөнүн лидери ким, партиянын лидери ким дегенди алмаштырып жатат. Атамбаевди канча жаман көрүшпөсүн ал өлкөнүн тарыхына изин калтырды. Сооронбай Жээнбеков эмнени калтырат болду экен?" - дейт Карамушкина.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан