Кечээ, 20-ноябрда президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин мурдагы төрагалары жана экс-премьер-министрлер менен жолуккан. Анда 13 экс-спикер, 9 мурунку премьер-министр катышкан. Алар өздөрүнүн сунуштарын жана пикирлерин айтышкан.
SUPER.KG порталынын "Жолугушуудан кандай жыйынтык күтүүгө болот?" деген соболуна юрист Нурбек Токтакунов жооп берди.
Ал өкмөт башчылардын, спикерлердин бардыгы эле президентке баш ийип келгенин айтты.
"Жолугушуу эмне жөнүндө болгонун көргөн жокмун. Мурунку премьер-министрлер, спикерлер өз алдынча иш алып барышкан эмес. Бардыгы президентке баш ийип келишкен. Биздин көйгөй - премьердин жоопкерчилигинин жоктугу. Туура эмес иштесе отставкага кетүү менен гана чектелет. Эч кандай жоопкерчиликке тартылбайт. Бизде демокартия болсо, анда премьер-министр парламенттин алдында жоопкерчиликтүү болмок. Парламент премьер-министр үчүн жоопкерчиликтүү болмок. Бизде президент бийликтин бардык бутактарын башкарат. Спикерликке бийликке баш ийген, президенттин каалоосун аткарган кишилер коюлуп келген. Ошолордун баарын чогултканда алар эмнени айтып бермек эле? Алар кандай кеңеш бере алат? Алардын ичинде бир гана Медеткан Шеримкулов аксакал деген наамга татыктуу", - дейт Токтакунов.
Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев, экс-депутат Жылдызкан Жолдошова, жарандык активисттер Тимур Саралаев, Өндүрүш Токтонасыров, саясий серепчилер Бакыт Бакетаев, Нурсултан Акылбектин жообу бул шилтемеде.