Жарандык активист Тимур Саралаев: "Президенттин экс-премьер, экс-спикерлер менен жолугушуусу анын саясий күчтөр менен сүйлөшүүгө даяр деген белгиси"

Кечээ, 20-ноябрда президент Сооронбай ЖээнбековЖогорку Кеңештин мурдагы төрагалары жана экс-премьер-министрлер менен жолуккан. Анда 13 экс-спикер, 9 мурунку премьер-министр катышкан. Алар өздөрүнүн сунуштарын жана пикирлерин айтышкан.

SUPER.KG порталынын "Жолугушуудан кандай жыйынтык күтүүгө болот?" деген соболуна жарандык активист Тимур Саралаев жооп берди.

Ал белгилегендей, мындай жолугушуулар мурунку президенттердин учурунда болгон эмес.

“Бул жакшы саамалык. Мындай жолугушуу - президент тил табышууга жана коомдо болгон саясий күчтөр, топтор менен ачык-айкын сүйлөшүүгө даяр дегендин белгиси. Ошол себептен ал мурунку парламенттин төрагаларын жана өкмөттүн жетекчилерин чогултуп жатат. Ал эми ошол жерде катышкан мурунку өкмөт башчылар жана спикерлер кандай жыйынтык чыгарып, мындан ары мамлекетибиздин өнүгүшүнө, туруктуулугуна кандай салым кошо алышат бул башка маселе. Жолугушуу өткөнүн чоң жылыш деп айтса болот”, - деди Саралаев.

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев, экс-депутат Жылдызкан Жолдошова, юрист Нурбек Токтакунов, жарандык активист, Өндүрүш Токтонасыров, саясий серепчилер Бакыт Бакетаев, Нурсултан Акылбектин жообу бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан