Кечээ, 20-ноябрда президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин мурдагы төрагалары жана экс-премьер-министрлер менен жолуккан. Анда 13 экс-спикер, 9 мурунку премьер-министр катышкан. Алар өздөрүнүн сунуштарын жана пикирлерин айтышкан.
SUPER.KG порталынын "Жолугушуудан кандай жыйынтык күтүүгө болот?" деген соболуна жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров жооп берди.
Ал президент Сооронбай Жээнбековдун экс-премьер-министр, экс-спикерлерди кабыл алганы шоу-спектакль экенин билдирди.
"Атамбаев президентти сындап, ага каршы пикирлерди айткандан кийин жооп кайтаруу максатында Жээнбеков мурунку өкмөт башчылар, спикерлер менен жолукту. Ал Атамбаевге "мен иштейм, күч-аракетимди жумшап өлкөдөгү экономикалык саясий абалды оңдоп кетүүгө дареметим жетет" деп актанууга аракет кылды. Мындай жолугушуулардан жыйынтык күтпөй эле койсо болот. Бул жолугушуу шоу-спектаклдин бир бөлүгү сыяктуу эле болду, ошондуктан бул үчүн кубанган жокмун, баа деле бере албайм.
Алар баягы эле дежур сөздөрүн айтып, президентти макташты. Азырынча президенттин мактай турган ишин көрө элекмин", - дейт Токтонасыров.
Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев, экс-депутат Жылдызкан Жолдошова, юрист Нурбек Токтакунов, жарандык активист Тимур Саралаев, саясий серепчилер Бакыт Бакетаев, Нурсултан Акылбектин жообу бул шилтемеде.