Кечээ, 20-ноябрда президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин мурдагы төрагалары жана экс-премьер-министрлер менен жолуккан. Анда 13 экс-спикер, 9 мурунку премьер-министр катышкан. Алар өздөрүнүн сунуштарын жана пикирлерин айтышкан.
SUPER.KG порталынын "Жолугушуудан кандай жыйынтык күтүүгө болот?" деген соболуна саясий серепчи Нурсултан Акылбек жооп берди.
Ал президент менен экс-премьер-министр жана экс-спикерлердин жолугуусу президентке кандайдыр бир пайда алып келет деген ойдон алыс экенин билдирди.
"Булар өлкөбүз эгемендүүлүктү алгандан бери мамлекеттин алдыңкы адамдары болуп, башкарып келишти. Бирок азыркы өлкөдөгү, экономиканын бир орунда туруусуна, дүйнөлүк бардык рейтингтердерде арткы оорунду ээлеп келгенибизге ушул кишилердин да салымы бар. Эгер убагында мүмкүнчүлүктү колдоно алышпаса, азыр президентке кандай кеңеш берип жарытат деген суроолор пайда болот. Жолугушууда көтөрүлгөн суроолорду баалуу деп да атоодон алысмын. Менимче, президент, премьер-министр да өздөрүнүн программасына көңүл бөлүп, өлкөнү алдыга сууруп чыгуусу зарыл. Аксакалдарыбыз өлкөбүздүн бардык президенттерине батасын берип, колдоп-коштоп келишти, тилекке каршы, алардын жумушунан же кеңешинен элдин жашоосу оңолгон жок", - дейт Нурсултан Акылбек.
Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев, экс-депутаты Жылдызкан Жолдошова, юрист Нурбек Токтакунов, жарандык активисттер Тимур Саралаев, Өндүрүш Токтонасыров, саясий серепчилер Бакыт Бакетаев, Нурсултан Акылбектин жообу бул шилтемеде.