Бишкекте бүгүн, 22-ноябрда шаар мэрлеринин форуму өтөт. Ага өкмөт өкүлдөрү, Кыргыз жериндеги шаарлардын мэрлери, облустук администрациялардын кызматкерлери, коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышат. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.
Маалым болгондой, форумда жаштардын кызыкчылыктарын эске алуу менен өнүгүү жолдорун карап чыгуу жана пландарды ишке ашырууда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жаштардын ролун аныктоо талкууланат. Ошондой эле жергиликтүү бийлик органдарынын балдар жана жаштар менен ынтымакка келүүсүнүн алгоритмдери каралат.
"Кыргыз Республикасында да эл аралык "Жаштардын жана балдардын достугу болгон шаар" концепциясы ишке кирген. Анда жаштарга байланыштуу ресурстарды пайдалануу, алардын көйгөйлөрүн чечүүдө балдардын катышуусун камсыздоо каралган. Өкмөттүн алдындагы Жаштар, дене тарбия жана спорт агенттиги эл аралык уюмдар менен бирге ишке киргизип жаткан долбоор 18 шаарды камтыйт", - деп айтылат маалыматта.