Бишкекке газ менен жүрүүчү автобустар алып келинет

Бишкек шаарына газ менен жүрүүчү автобустар алып келинет. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдиришти.

Маалыматка караганда, автобустар 2019-жылдын март айында алып келинет.

"Газ менен жүрүүчү автобустарды сатып алуу үчүн шаардык транспорт башкармалыгынан 83 миллион 500 миң сом бөлүнгөн. Алгач 60 автобус алуу пландалып жатат. Алардын артыкчылыгы жол тыгындарын азайтып жана абанын булгануусуна тийгизген таасири азыраак болот", - деп маалымдады мэриядан.

Буга чейин Европа өнүктүрүү банкы берген насыяга Бишкек шаардык троллейбус башкармалыгы 52 жаңы троллейбус сатып алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан