Борбор калаада алыскы жолго чыгып жаткан айдоочуларга жолдогу коопсуздук боюнча түшүндүрүү иш-аракеттери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 22-ноябрда ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
"ӨКМнын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Свердлов районунун Өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан алыскы жолго чыгып жаткан айдоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү улантылууда. Анда райондун аймагында жайгашкан автобекет жана ири базарлардан өлкөнүн түндүк-түштүк региондоруна облустарга, райондор жана алыскы аймактарга ири көлөмдөгү жүктөрдү, адамдарды ташуучу чоң жана жеңил унаалардын айдоочулары менен узак жолго чыгууда жана жол жүрүүдөгү коопсуздук эрежелери боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү", - деп айтылат маалыматта.
ӨКМдан билдиришкендей, эгер айдоочуларга кооптуулук жаралып, өзгөчө кырдаалга кабылган учурда 112 кызматына кабарлап, өзүнүн аты-жөнүн, кандай кырсык болгонун, турган дарегин так айтуу керектиги маалымдалды.