Бакыт Төрөбаев: "Премьер-министр "Кумтөр" менен кандай сүйлөшүү жүрүп жатканын айтпай жатат"

"Премьер-министр "Кумтөр" менен кандай сүйлөшүү жүрүп жатканын айтпай жатат". Мындай пикирин депутат Бакыт Төрөбаев парламент жыйынында ар кандай маселелер каралып жатканда айтты.

Эл өкүлү "Кумтөрдөн" түшкөн каражатка атайын фонд түзүүнү сунуштады.

“Биз ачык коомдо жашап жатабыз. Ар бир экономикалык, экологиялык, саясий окуяларды эл менен кошо талкуулап жатабыз. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өткөндө "Кумтөр" менен сүйлөшүп жатабыз деген. Бирок кандай сүйлөшүү жүрүп жатканын айткан эмес. "Кумтөрдөн" Ысык-Көл фондунан сырткары эч кандай пайда көрө алган жокпуз. Жаңы келишимге ылайык, киреше алып келип, жумуш ордун түзө турган аймактарды өнүктүрүүчү фонд түзүлсө жакшы болмок. Бул фонд Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондуна альтернативдүү болмок”, - деди Төрөбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
jaazira13
2018-11-28 00:59:50
дагы бир жагынан сыйпаланып калайын деген эле ойда, бураган лампочкаларын шайлоодон кийин кайра чыгарып кеттиго
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан