Баткен окуясынын ардагерлери Каржы министрлигинин алдына митингге чыгышты. Министрлик ардагерлердин маселесин айдын аягына чейин чечип берүүнү убадалады

Бүгүн, 22-октябрда Бишкек шаарындагы Каржы министрлигинин алдына Баткен окуясынын ардагерлери митингге чыгышты. Бул маалыматты митингге катышып жаткан ардагерлер коомунун төрагасы Сатыбек Молдалиев тастыктады.
Төраганын билдиргенине ылайык, алар Баткен коогалаңында каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө 1 жылда бир жолу төлөнүп берилүүчү акчалар берилбей жаткандыгынан улам митингге чыгышкан.
"Жыл сайын мамлекет тарабынан Баткен окуясында каза болгондордун үй-бүлөсүнө 5 миң сом өлчөмүндөгү акча төлөнчү. Бул жылы Каржы министрлиги акча бөлбөй жатат. Аталган жардамды өлкө боюнча жалпы 54 үй-бүлө алып келген", - дейт Молдалиев.
Митингге чыккан адамдарды министрликтен кабыл алышып, алардын маселеси айдын аягына чейин чечиле турганын билдиришкен.
"Бизди министрликтен кабыл алышып маселебизди угушту. Оозеки түрдө аталган маселени айдын аягына чейин чечип беребиз деп убада беришти. Буга чейин төлөмдөр боюнча маселе деле жаралчу эмес. Айдын аягына чейин күтөбүз, көйгөй чечилет деген үмүттөбүз", - деди коомдун төрагасы.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан