“Бизде курултай институту деген түшүнүк бар" деди депутат Алмамбет Шыкмаматов парламенттин 22-ноябрдагы жыйынында.
Эл өкүлү курултай жөнүндө мыйзам кабыл алынбай келе жатканын эскертти.
"Конституцияны кабыл алганыбызга 8 жыл болду. Бирок биз курултай жөнүндө мыйзамды кабыл алып бербей жатабыз. Биз мыйзам кабыл алып, курултай кандай өтөт, кандай күчкө ээ экенин тактап беришибиз зарыл. Азыр депутаттар курултай боюнча 2 мыйзам иштеп чыкты. Ноябрь, декабрь айларында курултай боюнча мыйзамды кабыл алып берели. Коомдогу көйгөйдү ушул институт аркылуу парламентке, бийликке жеткирип туруш керек да”, - деди ал.