Өлкө аймагында 24-25-ноябрда туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 22-ноябрда ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
"24-ноябрда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 25-ноябрда көпчүлүк аймактарда жаан, кар жаашы, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 17-22 метрге жетиши мүмкүн", - деп жазылат маалыматта.
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өлкөдөгү тоолуу унаа жолдору аркылуу сапарга чыгып жаткан айдоочуларга төмөнкү эрежелерди так сактоону эскертет:
- ӨКМдан берилген шашылыш билдирүүгө, аба ырайы тууралуу маалыматка өзгөчө көңүл буруу;
- Тоолуу унаа жолдордо унаалардын ортосундагы 500 метр аралык сакталышы зарыл;
- Кышкы дөңгөлөктөр;
- Күрөкчө, чынжырча, аптечка болуусу зарыл.
Өзгөчө кырдаалдарда “112” кызматына чалып, кайрылууга боло тургандыгын эскертет.