Жол кырсыгынан кийин урушта каза болду делген чиновник жүрөктүн ишемия оорусунан каза болгону аныкталды. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы ал сабалбаганын аныктаса да анын өлүмүнө шектелип кармалгандар камакта отурганын шектүүлөрдүн биринин жубайы Зейнеп Сулайманкулова билдирди.
Мындан 1 ай мурун кечки саат 19:45 чамасында Токтоналиев жана Түштүк магистраль көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталган. Анда Лексус 470 үлгүсүндөгү унаа менен Тойота унаасы сүзүшүп, Тойота унаасынын айдоочусу, "Кыргызаэронавигация" мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары Маматназар Жакыпбаев каза болгон. Жакыпбаевди анын унаасын сүзгөн айдоочу менен жүргүнчүсү тарабынан сабалганы айтылып, анын өлүмүнө шектелип кармалган.
"Бул окуяда айдоочунун жанында жөн эле жүргүнчү болуп келе жаткан күйөөмдүн эч кандай күнөөсү жок, 1 айдан бери камакта отурат. Мен ал күнөөсүз экенин билем жана ал окуянын күбөлөрүн издеп 3 баламды таштап коюп плакат көтөрүп алып көчөгө да канча күн чыккам. Иш оңунан чыгып, жол кырсыгынын 4 күбөсүн таптым. Алар сотко да катышып, чындыкты айтууга даяр.
Күбөлөрдүн баары ал жерде мушташ болбогонун, эч ким урушпаганын айтууда. Бир күбө айдоочу менен маркум сүйлөшүп жатканын көргөнүн, унаанын үстүнө кагаз коюп алып бир нерселерди жазып жатканын көргөнүн айтууда. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыккан, анда маркум артерияларынын атеросклерозунан улам жүрөк булчуңдары кан менен начар камсыздалгандан, башкача айтканда, жүрөктүн ишемия оорусунан каза болгону аныкталган. Буга чейин козголгон кылмыш ишинин беренеси өзгөртүлүп, чарасы өзгөртүлүүгө тийиш болчу. Бирок ишти карап жаткан Октябрь РИИБинин тергөөчүсү убакытты созуп жатат. Ага бул маселе менен кайрылып, кийин мен жалдаган 2 жактоочу да кайрылган. Бирок тергөөчү экспертизанын жыйынтыгы чыга электигин айтууда", - дейт Сулайманкулова.
Сулайманкулованын билдирүүсү боюнча SUPER.KG порталы тиешелүү тараптардан пикир угуп, жарыялоого даяр.
Баса белгилеп кетчү жагдай, соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгында маркум Жакыпбаевге өз убагында медициналык жардам көрсөтүлсө, ал аман калууга мүкүнчүлүк бар болгону айтылган.
Эске салсак, бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 104-беренеси (ден соолукка атайылап оор залал келтирүү) менен жана Жазык-процесстик кодексинин 94-беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү катары окуяга катышы бар 2 адам кармалган.