"Мигранттарга пенсия чыгаруу боюнча сүйлөшүүлөр 2019-жылдын башында аяктап калат". Мындай маалыматты социалдык фонддун төрагасы Медер Ирсалиев 22-ноябрдагы парламент жыйынында билдирди.
Депутат Азизбек Турсунбаев жыйында чет өлкөдө иштеп жаткан Кыргыз жарандарына пенсия чыгаруу маселесин көтөрдү.
Ирсалиевдин айтымында, бул багытта сүйлөшүүлөр аягына чыгайын деп калган. "Чет өлкөдө расмий катталып, мыйзамдуу жол менен иштеп, салыктарды төксө, пенсияга чыкканда ошол мамлекет тийиштүү каражатты бөлүп берет. Ал акча бизге которулат. Биз болсо ал жарандын биздин өлкөдө иштегенин кошуп, пенсия кылып чыгарып беребиз", - деди Ирсалиев.