"Акнет" интернет таратуучу компаниясында Каржы полициясы тинтүү жүргүзгөндүктөн байланыш үзгүлтүккө учурады

"Акнет" интернет таратуучу компаниясынын иши бүгүн, 22-ноябрда үзгүлтүккө учурады. Ишкананын расмий сайтында жогорку жактагы магистралдык линияларда мүчүлүштүктөр болгондон улам байланыш убактылуу үзүлгөндүгү жазылган.

Анда маалымдалгандай, жаралган маселеден кийин резервдик каналдар ишке киргизилип, абалды калыбына келтирүү аракеттери жүрүп жатат. Мындан улам байланыштын ылдамдыгы төмөндөп, айрым учурда байланыш жок болуп жатат.

Бул ортодо интернетте "Акнет" компаниясында рейдерлик басып алуу болгону сыналгынын экранынан көрүнүп жаткан сүрөттөр жарыяланган. Анда: "Акнет" интернет таратуучу компания рейдерлик басып алуу аракеттери болгондуктан убактылуу ишин токтотту. Биз жакын арада кайра ишке киришебиз деп ишенебиз", - деп жазылган.

Айрым басылмалардын маалыматтары боюнча, компаниянын кеңсесинде Каржы полициясы тинтүү жүргүзүп жатат. "Акнет" жоопкерчилиги чектелген коомунун кожоюндарынын ортосунда өз ара пикир келишпестиктер болуп, анын биринин арызынын негизинде кылмыш иши козголгон. Рейдерлик басып алуу болгон эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан