Интернетте СПИДди коомдук жайларда, кинотеатрларда атайын ташталган ийнелер аркылуу жуктуруу аракети жүрүп жатканы тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
"Коомдук жайларда "Сиз жаңы эле СПИДди жуктуруп алдыңыз" деген каттардын коштоосунда атайын инфекцияны жуктуруу аракети жүрүп жатканы тууралуу маалымат интернеттеги социалдык тармактарда тез тарап жатат. Бирок мындай факт бир да жолу аныкталган жок. Министрликтин алдындагы Республикалык СПИД борборунда акыркы 6 жыл аралыгында булганган материалдар менен оорунун жугуп калганы каттала элек. Ага чейин ийне аркылуу жугуп калганын айтып кайрылгандар болуп, бирок аларда ВИЧ табылган эмес. Иммундук жетишсиздиктин вирусу сырткы чөйрөгө туруштук бере албайт", - деп айтылат маалыматта.