"Акнет" интернет таратуучу компаниясында анын жетекчисине козголгон кылмыш ишинин негизинде тинтүү иштери жүргүзүлгөнүн бүгүн, 23-ноябрда SUPER.KG порталына Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынан (финансы полициясы) кабарлашты.
"Акнет" компаниясында рейдерлик басып алуу болду" деп тараган маалыматтар чындыкка дал келбейт. Кечээ аталган компанияда ишкананын негиздөөчүсүнүн жана бир катар жооптуу кызматкерлеринин үстүнөн козголгон кылмыш ишине байланыштуу соттун санкциясынын негизинде тинтүү иштери жүргүзүлгөн. Компаниянын 3 негиздөөчүсү бар, алардын бири - башкы директоруна Кылмыш-жаза кодексинин 221-беренеси (коммерциялык уюмдарда иштегендердин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышы) менен кылмыш иши козголгон. Ал башка негиздөөчүлөрдүн жана мамлекеттин кызыкчылыгын эске албай, ээлеген кызматынан кыянаттык менен пайдаланып, абоненттерден түшкөн акча-каражаттардын суммасын жашырып, ири суммадагы салык төлөөдөн качкан. Жетекчиликтин жана жооптуу кызматкерлердин отурган кеңселеринде тинтүү иштери жүргүзүлүп, документтер каралган. Ал эми компания рейдерлик басып алуу болду" деп берген расмий жообун алар тарабынан коргонуу катары кабыл алуу керек", - дейт Каржы полициясынын басма сөз кызматынын өкүлү Анастасия Пискур.
Эске салсак, кечээ, 22-ноябрда "Акнет" интернет таратуучу компаниясынын иши үзгүлтүккө учурап, ишкананын расмий сайтында жогорку жактагы магистралдык линияларда мүчүлүштүктөр болгондон улам байланыш убактылуу үзүлгөндүгү жазылган. Кийин "Акнет" компаниясында рейдерлик басып алуу болгону сыналгынын экранынан көрүнүп жаткан сүрөттөр жарыяланган болчу.