Ысык-Көлдө өтө турган “Мейкин Азия” сынагына түркиялык ырчы Мустафа Сандал келет

18-21-июль күндөрү Ысык-Көлдө өтө турган “Мейкин Азия” сынагына конок катары түркиялык ырчы Мустафа Сандал келет. Бул тууралуу бүгүн, 12-июлда уюштуруучу топтун мүчөсү Өмүрбек Андарбеков билдирди. Айтымында, Кыргызстандын атынан 8 ырчы катышат. Алар: Нэна Абдылдаева, Азим уулу Адилет, Ислам Акматов, Рустам Исмаилов, Нурбакыт Разаков, Нуржигит Субанкулов, Элзат Төлөгөнова жана Курал Чокоев. “Учурда Кыргызстандын атынан катыша турган конкурсанттар катуу даярданып жатышат. Аларга атайын хореографтар сабак беришүүдө”,- деди ал. Ошондой эле ал сынактын байге фонду 20 миң доллар экенин айтты. “Баш байгени жеңген катышуучуга 10 миң доллар берилсе, 1-орунга 5 миң доллар, 2-орунга 3 миң доллар, 3-орунга 2 миң доллар берилмекчи”,- деди Андарбеков.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
aliyana66
2013-07-12 23:59:40
Барам буюрса.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан