Ошто 9 миңдей адам терроризмге каршы жөө жүрүшкө чыкты. Ош мэриясы: "Иш чарага эч ким мажбурланган жок" (сүрөт)

Бүгүн, 23-ноябрда Ош шаарында экстремизм жана терроризмге каршы жөө жүрүш өтүп, ага 9 миңге жакын адам катышты. Иш-чарага мэриянын өкүлдөрү, шаардык кеңештин депутаттары, мекеме, ишканалардын кызматкерлерине кошулуп жогорку жана орто окуу жайлардын студенттери да катышты.

Буга чейин мэрия тарабынан билим берүү мекемелерине кат келип, анда окуучулар аталган иш-чарага катышуусу керектиги талап кылынган тапшырма болгону интернетке тараган.

Мэриянын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров SUPER.KG`ге жөө жүрүшкө чыгууга эч ким мажбурланбаганын айтты. Анын айтымында, окуу жайларга жиберилген кат сунуш катары берилген.

"Иш-чарага жалпы 9 миңдей адам катышса, арасында жогорку окуу жайлардын студенттери, мектеп окуучулары да болду. Алардын бири дагы мажбурлоо түрүндө чакырылган жок. Болгону ачык сабак иретинде студенттер келип экстремизм жана терроризмге каршы аракет боюнча түшүнүк алсын деген негизде окуу жайларга кат жибергенибиз. Бирок кат сунуш катары берилген. Иш-чара бир саатка жетпеген убакытта аягына чыгып, келгендер тарап кетишти", - деди Абсаттаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
RusMos76
2018-11-23 14:55:57
Азаматтар, мен дагы каршымын!
+3
CEO1
2018-11-23 15:01:46
Бекердин бешин айтышат. Бийликке жалан ууру-каракчы, калпычылар толуп алган...

Журуш кылабыз десенер эле студент, окуучулар "давай" дештиби?! Аларды мугалимдери зордоп алып чыкты да. Мугалимдерге проректор, ректор, директорлоодон корсотмо, буйрук тушкон. Аларга мэриядан буйрук барган. Эми туштон кийин жанынарды жеп актанып эмне кыласынар?!!
+12
Saidochka
2018-11-23 22:51:26
CEO1,туппатуура айтасың,
0
zhaku2017
2018-11-23 15:02:54
Исламдагы фанатизмди токтотуш керек. Мечиттердин жарымын жаап бала бакчага откоруп берсе деле сооп болмок. Мечиттер арабтардын идеялогиялык борборуна айланып калды. Бугунку кундо динчилдерди Кыргызстандын светтик тузулушко каршы турууга тымызын угуттоп жатышат. Бул учун имамдар арабтардын шарияттын мактап, башкасын жамандап, динчилдердин коз карашын искуствону, музыканы, бий, моданы ж.б харам деп жаштардын мээсин айлантып жатышат. Акыры ушулар экстримистке айланышат.
0
Respect.
2018-11-23 15:43:09
zhaku2017, Мечиттерге тийишпей эле садик кура бергилечи, же мечиттер силердин чөнтөгүңөрдөн курулуп жатыптырбы?
Жок дегенде түнкү клубтарды, же ж.б. ушуга окшогон кумар каналардын ордуна садик курулсун десең...
+12
Mirlan27011987
2018-11-23 16:06:59
Respect.,Мен учун диний экстримист, радикал болуп жашагандан коро, тунку клубда бийлеп конул ачып жургон жакшы. Анан дагы клубтар менен мечиттердин санын салыштырып болбойт. Тунку клубтар болгону олко боюнча 15-20 чактыдай. Мечиттер 3000ге чукулдады. Ошондо дагы элдин адеп ыйманы озгоруп кеткен жок. Мечит кобойсо ыйман кобойт деген - калп
-6
Azatbek.Svoboda.
2018-11-23 20:03:26
zhaku2017,Мечиттерди чондор куруп жатабы чондор садик мектеп кура берсин эч ким каршы эмес!
+2
yrmat88
2018-11-23 15:36:02
Молдолордун ХХХХХХХХ Биринчи ошондон баштагылачы. Негизи ислам, християн кыргызга ботон дин. Арабдардын, пакистандыктардын каада салтын алып келип эле "дин деген мына ушу" - деп баш айлантышат. Угуп көрсөң, акылга сыйбаган, 7 -кылымдагы арабтардын жашоосун үйрөтүшөт. Муну алардын кийиминен, сүйлөгөнүнөн, балдарына жана аяладарына кылган мамилесинен эле көрсөк болот.
-1
urmat94
2018-11-23 15:51:05
Кыйраттынар жоо журушунорду тратуарда журсонор болбойбу эрте мн элдердин баары ишке кетип атканда машина жол мн журдунор канчалаган адамдарды иштен кечиктирдинер пробка кылып анын арасында мен да ишке кечигип барып соз уктум
+2
Mirlan27011987
2018-11-23 16:04:49
Бир нерсени эске алыш керек. Дин менен экстримизди эч качан жеңе албайбыз. Тескерсинче күчөтүп жиберебиз. Болгону жаштарды светтик-гуманисттик көз карашта гана тарбиялоо зарыл. Адамдардын көз карашын, билим, искуство аркылуу гана өзгөртүү керек. Бийлик ошону эске алыш керек
+5
Ka2sr1
2018-11-23 17:09:34
Диний фанатизмге, радикализмге, экстримизге бир гана атеизм каршы тура алат. Ошондуктан бизде дагы анча мынча атеисттик идеялогия керек.
0
tynara81
2018-11-23 18:06:03
Буйрук катары жөнөтүп туруп, сунуш катын жөнөттүк деп койосуңар да.
+2
Azatbek.Svoboda.
2018-11-23 20:06:19
Арабтар дуйнодо эн бай олко!
+2
CEO1
2018-11-23 20:13:58
Azatbek.Svoboda., арабдар дуйнодо жакыр олко болгон. Тарыхты окубаганынардын кесепети. Пайгамбар тарыхын окуйсунар да, арабдардын тарыхын билбегенинерге тан калам. Керек болсо мындан 100-150 жыл илгери да арабдар жарды болгон. Мунайдын пайдасын Батыштын ири компаниялары коруп, арабдар катардагы жумушчу болуп кунумдук оокатына ылайык маянага аран жетишчу. 20-кылымда мунайга болгон суроо талап оскон сон, экинчиден арабдар Батыштын колониясынан кутулган сон гана адамга окшоп жашап башташты.
-4
CEO1
2018-11-23 20:21:44
Azatbek.Svoboda., арабдар кичине жетишип жашап калганына эч канча болгон жок, болсо болсо 50-60 жыл болду. Анын устуно араб байлыгы десе БАЭ келет. Тилекке каршы бардык арабдар Дубай шаарынын жашоочуларындай молчулукта жашап жаткан жери жок. Мисалы Египет, Ирак, Ливия, Сирия, Иордания, Ливан олколору деле араб олколору. Ошолор жакшы жашап жатабы?!! Сирия менен Иракта жашоо кандай экенин копчулук билет.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан