Сүйүү, күтүү, табышуу, ажырашуу, үй-бүлө, кайгы жана бакыт... Так ушул сезимдер, турмуштан алынган жүрөк сырлары SUPER TV'нын "Жан дүйнө" долбоорунда.
"Университетти аяктагандан кийин ата-энем куда түшүп келген коңшу айылдык бир жигитке турмушка узатып коюшту. Бөлөк үй, бөлөк адамдар. Жолдошум дагы чоочун. Ал үй-бүлөгө аралашып кетишим кыйын болду. Кайненем жакында эле көз жумган. Үйдө жолдошум жана кайнежем болуп жашайбыз. Мурда каардуу кайненеге туш келдим деп кейисем, эми кайнежемдин каары аныкынан да ашып өттү.
Бардык нерсеге кийлигише берет. Тамак жасасам "майлуу болуптур, этин көп кошуптурсуң" деп уруш чыгарат. Аны көргөн жолдошум "жадакалса тамак жасаганды билбейсиң" деп кол көтөрөт. Ал эч нерсе эмес, кээде мас болуп алып, болбогон нерсе үчүн чуу чыгарып, башымды дубалга сүздүрүп сабайт. Кайнежем бети-башым дайыма көгала болуп жүргөнүн көрсө да унчукпайт.
Өңүмдү күзгүдөн көрүп алып ыйлайм, ызаланам. Ага эч нерсе деп катуу айта албайм. Бирок төркүнүмө баргандан уялам. Ата-энемдин эл караган бетин жер караткандан корком..."
Окуяны толугу менен төмөндөгү видеоматериалдан көрүңүз.