Бишкектеги "Асанбай" борборунда 23-ноябрда орусиялык ырчылар, жаштар арасында Rauf and Fake деп таанылган бир туугандардын концерти болду. Билеттер 700 сомдон 3000 сомго чейин бааланган. Концерт бүткөндөн кийинки көрүнүшкө көрүүчүлөр нааразы болушту. Экс-депутат Равшан Жээнбеков концерттен кийин көрүүчүлөрдүн кийимдерин ала албай жаткан учурдагы видеосун өзүнүн интернеттеги баракчасына жүктөдү. Анын билдиришинче, концертке 10-15 жашка чейинки өспүрүмдөр барышкан.
"Кызым дагы концертке барды. Саат 10 жарымда мага кызым чалып "пальтолорубузду ала албай жатабыз" деди. Эмне болгонун билүү үчүн барсам, ошондой көрүнүш болуп жатыптыр. 1000дей баланын кийимдерин алып, бир кампага үйгөндөй кылып ыргытып коюшуптур. Ошону менен балдар кийимдерин ала алышпай 2 саат эшикте турушту, ооруп калышты. Үйгө түнкү саат 12ден өтүп келдик. Балдар үшүп, ошол жердеги ата-энелердин баары нааразы болушту", - деди Равшан Жээнбеков.