Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө шектелип кармалган адам аны аңчылык куралы менен атып, андан кийин кылмышын жашыруу максатында денесин өрттөп жиберген. Мындай маалыматты бүгүн, 24-ноябрда ИИМдин басма сөз кызматы тергөөнүн жүрүшүндө алдын ала белгилүү болгон жагдайларга таянып билдирди.
Маалыматка ылайык, маркумдун денесинин 80 пайызы күйүп калган. Аны жакындары дароо тааный алышкан эмес.
"Анарбай Мамажакыпов менен шектүүнүн ортосунда чыр чыгып, ал мушташка жеткен. Ошол мушташта бул кылмышка шектелип кармалган М.Калыковдун денесинин бир нече жери жабыркаган. Муну суракка чейинки медициналык кароо аныктаган", - деп жазылат ИИМдин маалыматында.
Буга чейин Калыковго милиция тарабынан кыйноолор болгону маалымдалып, ИИМ бул кабарды четке каккан эле.
Облустук милициядан билдиришкендей, прокурор Мамажакыповдун Лексус 470 үлгүсүндөгү унаасы 17-ноябрь күнү кечинде Баткен шаарынын Т.Турмаматов көчөсүнөн табылып, унаанын сыртында канга окшогон тактар бар экендиги билинген. Издөө иштеринин натыйжасында анын жансыз денеси 18-ноябрь күнү таңкы саат 6:00 чамасында Кызыл-Жол кварталынын батыш тарабындагы Танги-Өтөк участкасы жактан табылган.
Белгилүү болгондой, киши колдуу каза болгон Анарбай Мамажакыпов 1975-жылы Ош облусунун Чоң-Алай районунда туулган. Маркумдун артында төрт баласы калды. Ал ушул жылдын май айынан тартып Баткен облустук прокурору болуп иштеп жаткан. Ага чейин Талас шаарынын прокурору болгон. Анын сөөгү 19-ноябрда Чоң-Алай районундагы туулуп-өскөн Чак айылында жерге берилген.