Баткен облусунун прокурорунун өлүмүнө шектүү катары кармалган облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы М.Калыковдун жакындары бүгүн, 19-ноябрда үн катты. Эжеси Дариха Калыкованын SUPER.KG'ге билдиришинче, Калыков жакындарынын каршылыгына карабай аңчылыкка прокурорлордун чакыруусу менен кеткен.
"Окуядан бир күн мурун иним менен тойдо отурдук. Ошол учурда иним "прокурор аңчылык уюштуруп бер деп чакырып жатат" деп айтып калды. Апам экөөбүз "алар менен эмне тиешең бар, барбайсын" деп айтканбыз. "Барбасам болбойт" деп 17-ноябрь күнү эртең менен аңчылыкка чыгып кеткен. Тилекке каршы, эми минтип прокурордун өлүмүнө шектелип жатат. Ал жерде жалгыз эле менин иним эмес, облустун жана райондордун 7-8 прокурору болгон экен. Ошончо киши өз жетекчисин коргой албаса, биздин укугубузду кантип коргойт?
Иним мындай кылмышка барганына ишенбейбиз. Жакшылык кылса кылат, бирок жамандыкка колу барбайт. Керек болсо адам өлтүрмөк турсун, тоок, кой соё албайт. Ал үйдө жалгыз уул болгондуктан, өтө кичи пейил болчу", - деди эжеси Калыкова.
Облустук милициядан кабарлашкандай, прокурор Мамажакыповдун Лексус 470 үлгүсүндөгү унаасы 17-ноябрь күнү кечинде Баткен шаарынын Т.Турмаматов көчөсүнөн табылып, сыртында канга окшогон тактар бар экендиги билинген. Издөө иштеринин натыйжасында прокурордун жансыз денеси 18-ноябрь күнү таңкы саат 6:30да шаардын Кызыл-Жол кварталынын батыш тарабындагы Танги-Өтөк участкасы жактан табылган. Анын өлүмү боюнча эки кылмыш иши ачылып, шектүү катары Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы М.Калыков кармалып камакка алынды.