Баткен облустук Капиталдык курулуш башкармалыгынын кызмат адамдарына кылмыш иши ачылды

Баткен облустук Капиталдык курулуш башкармалыгында кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан 21-декабрда кабарлашты.

"УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Баткен облустук Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын аймактык башкаруу жана капиталдык курулуш башкармалыгында ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзгөн. Жыйынтыгында аталган башкармалыктардын жооптуу адамдарынын кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган фактылары аныкталган.

Белгилүү болгондой, Баткен шаардык аймактык ветеринардык лабораториясынын жана Баткен районундагы 3 орто мектебин курууда жана ишке киргизүүдө, куруу иштеринин көлөмүн жогорулатылган баада кургандыгы аныкталды", - деп билдиришти УКМКдан.

Аталган фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренеси (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же төлөмөр болуу), 221-беренси (коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланышы) жана 315-беренеси (кызматтык жасалмалуулук) боюнча кылмыш иши козголду.

Маалымат үчүн: Ушул жылдын 17-ноябрында Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыпов киши колдуу каза болгон. Анын өлүмү боюнча эки кылмыш иши ачылып, шектүү катары жогорудагы Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Мелис Калыков кармалып, камакка алынган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан