Шашылыш билдирүү! Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал болушу мүмкүн
Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал болушу мүмкүн. Мындай кабарды Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы бүгүн, 24-ноябрда саат 15:30да кабарлады.
Маалыматка ылайык, катуу шамал аталган аймактарда алдыңкы 3 саат аралыгында жана кечинде болушу ыктымал. Болжол менен шамалдын ылдамдыгы 17-22 метрге жетет.
ӨКМ бул убакыт аралагында жарандарды сак болууга чакырат.