Буга чейин "Элдик кабар" рубрикасына "Ош шаарындагы эл аралык аэропортто бир жаштагы инимдин жалаягын суук залда алмаштырууга туура келди" деген билдирүү келген. Окурман мындай абалга кабылганын, аэропорттон эне-бала бөлмөсүн таппай койгондугу, кызматкерлерден сураганда "андай бөлмө жок" деп жооп бергендиги менен байланыштырган.
Андан кийин порталдын окурмандарынын бири аэропорттон аталган бөлмөнүн сүрөтүн жөнөтүп, анын мекеменин кайсы бөлүгүндө жайгашканын айтты.
"Мен порталдын туруктуу окурманымын, аэропортко келип дагы жаңылыктарды окуюн десем эне-бала бөлмөсү тууралуу жазылып туруптур. Мындан улам аны таппай койгон жүргүнчүгө жана кийин дагы айрым энелер аны издеп убара тартпасын деген максатта сүрөткө тартып жөнөтүүнү туура көрдүм. Эне жана бала бөлмөсү аэропорттун имаратынын башкы эшигинен киргенде сол тарапта жайгашкан. Мен ичин да тартып жөнөтүүнү ойлогом, бирок балдардын үнү чыгып жатканынан ичинде аялдар бар деп кирген жокмун, муну менен мен анын иштеп жатканын айткым келди. Бирок кийин мүмкүнчүлүк таап ичин да сүрөткө тартып алдым", - деди интернеттин Анарбек Разак аттуу колдонуучусу.
SUPER.KG порталы 21-ноябрда жүргүнчү кабылган кырдаал боюнча Ош шаарындагы эл аралык аэропорттун маалыматын угуп, жарыялоого даяр.