UFC'нин чемпиону, орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедовдун чоң атасы дүйнө салды. Бул тууралуу бүгүн, 24-ноябрда Орусиянын бир катар басылмалары жазды. Мындай кабарды маалымат каражаттары мушкердин менеджери Али Абдель-Азиздин билдирүүсүнө таянып жазышты.
Менеджер интернеттеги баракчасына Хабиб Нурмагомедовдун чоң атасы Магомед Нурмагомедов менен түшкөн сүрөтүн жүктөп, "Биз Кудайга таандыкпыз, ага кайтып барабыз" деген билдирүүсүн калтырган.
Айрым маалыматтар боюнча, мушкердин чоң атасы 2 күн мурун көз жумган. Бирок коомчулук аны Али Абдель-Азиздин билдирүүсүнөн кийин билди.
"Хабиб Нурмагомедов чоң атасы менен түшкөн бул сүрөтүн Конор Макгрегорду жеңгенден кийин социалдык тармактагы баракчасына жүктөп, "Жашоомдогу эң сонун күндөрдүн бири" деп жазган. Ошондой эле мушкер чоң атасы аны мушташтарында колдоп келгенин айтканы бар", - деп жазылат маалыматта.