Өлкө аймагында туруксуз аба ырайы сакталууда. Буга байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирүү тараткан. Анда көпчүлүк аймактарда жамгыр аралаш кар жаашы айтылган. Тоолуу райондордогу унаа жолдорунда абал өзгөчө кооптуу болгондуктан Бишкек-Ош унаа жолу менен алыскы сапарга чыгуудан баш тартуу эскертилген. Маалыматка караганда, 24-ноябрда аталган жолдо катуу шамал жүрүп, кар көчкү түшкөн. Ашуулардагы абал тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы төмөнкүлөрдү билдирди.
15:40. Бишкек-Ош унаа жолунун 127-чакырымында көлөмү 1000 куб метр кар көчкү түшүп, унаа жол бир тараптуу жабылган. Жабыркагандар жок. Унаа жолду тазалоого 1 грейдер жана 2 жүктөгүч тартылган.
18:00. Төө-Ашууда жана Ала-Бел ашуусунда кар калың жаап, бороон болууда. ӨКМнын Чүй облустук башкармалыгынын ыкчам тобу кооптуу кырдаал жаралган жерге кетишти.
22:30. Бишкек-Ош унаа жолунун 127-чакырымына түшкөн кар күрткүсү толук тазаланып, унаалар жүрүүдө.
23:30. ӨКМнын Чүй облустук башкармалыгынын ыкчам тобу тарабынан “Сосновка” постунда жана Бишкек-Ош унаа жолунда Көлбаев атындагы тоннелдин аймагында жылынуучу жайлар жана тамак-аш менен камсыздоо уюштурулган. Андан сырткары Токтогул районунун “Арал” постунда жана Ала-Бел ашуусуда абалды тактоо максатында ӨКМнын Токтогул районунун бөлүмүнөн ыкчам топ саат 22:56да чыгып кетти. Бишкек-Ош унаа жолундагы абал көзөмөлдөнүп жатат. Кошумча маалымат берилет.