Бишкек шаарындагы көчөлөрдү кардан тазалоо иштери уланууда. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматы кабарлап, "Тазалыктын" кызматкерлери жөө адамдар баскан тротуар, аялдамаларга тайгалак болбош үчүн кум, туз себилип жатканын билдирди.
Маалыматка ылайык, жумушту аткарууга жалпысынан 740 жумушчу ишке тартылып, көчөлөргө 426 тонна кум жана 58 тонна туз себилди.
"Баш калаанын көчөлөрүнө муз тоңуп жашоочулар жыгылып, саламаттыгына зыян келтирүү маселеси бар. Мындан улам бул абалдын алдын алуу башкы орунда. Шаар бийлиги бардык мекемелерден, үй ээлеринен өздөрүнө тиешелүү болгон аймакты кардан тазалоосун суранат жана бул аткарылбаса Абаттоо жана санитардык эрежелерди бузгандыгы үчүн айып салынат", - деп жазылат маалыматта.