Бишкек-Ош унаа жолундагы чектөө алынды

Бишкек-Ош унаа жолундагы чектөөлөр алынды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы маалымдайт.

Маалыматка ылайык, азыркы учурга карата жол толук бойдон ачык.

Ал эми ӨКМнын маалымат кызматы кечээ, 24-ноябрда жолдун 127-чакырымына үйүлүп калган кар күрткүсү тазаланганын айтат.

"1000 куб метр көлөмүндөгү кар көчкү эмес, күрткү экен. Кар катуу шамал менен жаагандыктан бир жерге үйүлүп калган. Аны тазалоого 1 грейдер жана 2 жүктөгүч тартылып, жол тазаланды. Учурда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы чектөөнү алды. Унаалар жүрүп жатат. Ошентсе да ӨКМ айдоочуларды сак болууга чакырып, унаасына күрөк жана башка керектүү буюмдарды салып алуусун эскертет", - деди маалымат катчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан